«Кыргызстан аэропорттору»: 2024-жылы 6 млн жүргүнчү тейленди
29 май

«Кыргызстан аэропорттору»: 2024-жылы 6 млн жүргүнчү тейленди

«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы Бишкекте өткөн маалымат жыйында 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2025-жылга карата пландары менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, 2-24-жылы Каракол, Талас, Нарын – жаңы аэропортторунун курулушу аяктады.

Бир жылда 6 млн жүргүнчү тейленди – бул тарыхый рекорд. Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы түзүлүп, 100 миң жүргүнчү ташылды.

Ош-Каракол, Бишкек-Худжанд жаңы каттамдары ишке киргизилди. Алдыда-Самарканд, Алматы, Ташкент ж. б. багыттар боюнча каттамдар аткарыла баштайт.

"Манас" аэропортунун аэробекетин кеңейтүү иштери жана "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун жаңы аэробекет комплекстеринин курулушу жүрүп жатат.

Кыргызстандын түштүгүндөгү ири инфраструктуралык долбоорлордун бири - Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталды.

"Манас" аэропортунда Face ID системасы ишке кирди, 3-телетрап, өрт өчүрүү машиналары жана башка перрондук техника сатып алынды. Жалпысынан 60ка жакын техника сатып алынды.

Кыргызстан ИКАО аудитинен ийгиликтүү өтүп, 85,7 балл алды – бул региондогу эң мыкты көрсөткүч.

"Авиация бул – жөн гана учак эмес. Бул өлкөнүн өнүгүүсү, туризм жана аймактардын жеткиликтүүлүгү", - деди башкармалыктын төрагасы Манасбек Самидинов.