Кыргызстанга алгачкы жолу Ирандан ным топтоочу суперабсорбент алып келинди
Кыргызстанга алгачкы жолу Ирандан ным топтоочу суперабсорбент алып келинди. Бул каражатты капустаны өстүрүүдө талаа шартында колдонулуп, тажрыйбалык сыноолор башталды.
Бул эксперимент эки өлкөнүн айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун алкагында жетишилген келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Суперабсорбент – бул органикалык, жер семирткичтерди камтыбаган каражат, бирок ал сууга жана жер семирткичтерге болгон жогорку сиңирүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Ал төмөнкүдөй иштейт:
- башында өсүмдүк топурактан жеткиликтүү нымды пайдаланат,
- андан кийин суперабсорбенттин гранулаларындагы сууну жана азык заттарды сиңирет.
Адистердин айтымында, абсорбенттин таасир берүү мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин, жана ал экологиялык жактан коопсуз, колдонулган соң да зыяндуу калдыктарды калтырбайт.
«Бул суперабсорбент таптакыр зыянсыз. Ал топуракта нымды сактап, суу чыгымын кыйла азайтат. АКШ менен Канадада, суу жетиштүү болгонуна карабастан, бардык өсүмдүктөрдү себүүдө бул каражатты колдонуу милдеттүү болуп саналат,» – деди Ирандын "Кум Гостар" компаниясынын башкы директору Касрайи Бахрам.
Бул сыноонун максаты – климаттык шарттарында, айрыкча кургакчыл жана тоолуу аймактарда абсорбенттин натыйжалуулугун аныктоо. Күзгө чейин байкоо жүргүзүлөт, эки бөлөк партия капуста өстүрүлөт: бири — абсорбент менен, экинчиси – абсорбентсиз. Бул тажрыйба аркылуу өсүмдүктүн өсүшү, түшүмдүүлүгү жана суу сарпталышы боюнча айырмачылыктар аныкталат. 1 гектарга сунушталган дозасы – 30дан 50 килограммга чейин, өстүрүлүүчү өсүмдүккө жана климатка жараша.
«Суперабсорбентти колдонуу – Кыргызстандын айыл чарбасында ным сактоочу технологияларды өнүктүрүүнүн жаңы этабына өтүү мүмкүнчүлүгү болуп саналат, айрыкча суу тартыштыгы жана климаттын өзгөрүшү шартында», – деп кошумчалады.
