Акылдуу чарбаларды өнүктүрүү, заманбап агротехнологияларды колдонуу маселелери талкууланды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев жетекчилиги алдындагы топ Кыргыз Республикасында өнүккөн агроөнөр жай комплексин иштеп чыгуу боюнча алдын ала изилдөөнү (Pre M/P) жүргүзүп жаткан Корея Айылдык Коомчулук Корпорациясынын (КРК) изилдөө тобу менен жолугушушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун максаттарын жана багыттарын, анын ичинде агроөнөр жай комплексин башкы планын даярдоону, артыкчылыктуу секторлорду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суроо-талаптарын аныктоону, ошондой эле агроөнөр жай тармагында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Министрдин орун басары туруктуу айыл чарбаны өнүктүрүүнүн, заманбап агротехнологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилеп, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Талкууланган негизги маселелер: акылдуу чарбаларды өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын пайдалануу, жеке секторду тартуу, ошондой эле изилдөө тобунун иш графигин координациялоо жана керектүү материалдар менен камсыз кылуу тартиби.
Тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
