Кыргызстанда 500 миң тонна минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод курулууда
1 апрель

Кыргызстанда 500 миң тонна минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод курулууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусундагы жумушчу иш сапарынын алкагында Ноокат районундагы 500 миң тонна жер семирткичтерди чыгаруучу заводдун курулушунун абалы менен таанышты.

Заводдун курулушу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта жылдык кубаттуулугу 200 миӊ тонна болгон гуминдик органоминералдык жер семирткичтерди жана экинчи этабында 300 миӊ тонна гуминдик карбамид өндүрүүчү заводду куруу жүзөгө ашырылат.

Завод ишке кирсе, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү өз убагында жеткиликтүү жана жетиштүү көлөмдө минералдык жер семирткичтер менен камсыз болмокчу.

Негизинен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Хэбэйлик “Бай Доу Цзя” компаниясынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге ылайык Ноокат районунда 100 гектар аянтты ээлеген кыргыз-кытай демонстрациялык агропаркын куруу пландаштырылган. Парктын курамына минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу завод, асыл тукум заводу, айыл чарба техникаларын чыгаруучу ишкана, айыл чарбасын колдоо боюнча каржы борбору, жабдууларды жана техникаларды чогултуу пункту кирет.

Парк курулуп бүтсө, 2000ден ашуун жергиликтүү тургун жумуш менен камсыз болуп, натыйжада ички дүң продукция, айыл чарба экспорту жана салыктык түшүүлөр көбөйөт. Долбоор толугу менен Кытайдын Хэбэйлик "Бай Доу Цзя" компаниясы тарабынан каржыланат.

Инвестициялык каржылоо 260 млн АКШ долларын түзөт. Бирок Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Министр Бакыт Төрөбаевдин түздөн-түз  сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, инвестициянын көлөмүн 260 миллион доллардан 410 миллион долларга чейин көбөйтүү боюнча келишимге  кол коюлган.