"Бизнести агартуу кербенине" 1000ден ашык салык төлөөчүлөр катышты
1 апрель

"Бизнести агартуу кербенине" 1000ден ашык салык төлөөчүлөр катышты

Мамлекеттик салык кызматы "Бизнести агартуу кербени – салык реформасынын чакырыктары" маалыматтык долбоорун ишке ашырууну улантууда.

 Долбоор JIA Бизнес Ассоциациясы жана КРнын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте өткөрүлүүдө.

2025-жылдын 25-мартынан 1-апрелине чейин Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Нарын шаарларында салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана салык системасындагы реформаларга карата түшүндүрүү жолугушуулары болуп өттү. Иш-чараларга 1000ден ашык салык төлөөчүлөр катышты.

Мындан тышкары, ишкерлер Салык кызматынын кызматкерлеринен салык салуу маселелери боюнча жеке консультацияларды алышты.

Кийинки жолугушуулардын графиги:

  • 3-апрель – Каракол шаары, 10:00
  • 8-апрель – Талас шаары, 10:00
  • 10-апрель – Токмок шаары, 10:00
  • 15-апрель – Кара-Балта шаары, 10:00
  • 16-апрель – Бишкек шаары, 10:00.

Белгилей кетсек, "Бизнести агартуу кербени" – бул ишкерлерге бизнести ийгиликтүү жана мыйзамдуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон актуалдуу маалыматтарды алууга эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат.