Талас облусунда сугат суу которуштуруу ыкмасы менен берилүүдө
29 май

Талас облусунда сугат суу которуштуруу ыкмасы менен берилүүдө

2023-жылы кургакчыл болгонун эске алып, 2024-жылы Чон Талас каналынын ремонт иштери аяктап,каналга 17-апрель күнү сугат суусу берилген,бирок жаан-чачынга байланыштуу дыйкандар суу албагандыктан  22-апрелинде Чон Талас каналы жабылып, кайрадан 29-апрелинде ачылган.

 Талас дарыясынын Башкы  суу алуучу   “Кайырма” курулмасында   суу ченөөчү чектен 2025-жылы апрель-май айларында суунун көлөмү  орточо эсеп менен 11-12 м3/сек ,ал эми 2024 жылы ошол эле айларында суунун көлөмү  орточо эсеп менен 45-50 м3/сек. суу келген. Салыштырмалуу Талас дарыясынан 35-36  м3/сек сууга аз келүүдө.Чон Талас каналында 2025-жылы ремонт иштери аяктагандан кийин каналга 28-апрелинде сугат суу берилди.

2025-жылы апрель-май айларындагы жаан-чачын  аз болгондугуна байланыштуу, өзөндөгү суулар кескин түрдө азайып, каналдарга толук сугат суу жетпегендигине байланыштуу 11.05.2025 жылдан баштап облус боюнча которуштуру (водооборот) ыкмасына өттүк.

15.05.2025-жылы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №112 сандуу буйругунун негизинде штаб түзүлүп, Бакай-Ата жана Айтматов районунун дыйкан-фермерлерине ЧТК каналынан сугат суу берүү үчүн өткөрүлгөн штабдын негизинде Талас дарыясынан, ошондой эле Урмарал өзөнүнөн каналдарга келүүчү сугат сууну бекитилген графиктин негизинде которуштуру (водооборот) ыкмасы менен иш алынып барылууда.

Ар бир райондо штаб түзүлүп, штабдын отуруму өткөрүлдү. Баардык айыл өкмөттөргө сугат суунун аз болгондугуна байланыштуу  кат жөнөтүлгөн.

Талас Башкы суу чарба башкармалыгында жана анын түзүмдүк бөлүктөрүндө башкы суу курулмаларын көзөмөлдөө максатында диспетчер кызматы уюштурулган жана иштеп келет. Башкы суу курулмаларына күнү-түнү күзөттө туруп,дарыялардан келген суулардын көлөмү жана түзүлгөн жагдай туралуу боюнча маалымат берип турат.