Кара-Кулжа районунда жаңы ирригациялык канал курулууда
29 май

Кара-Кулжа районунда жаңы ирригациялык канал курулууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районундагы “Карагуз – Жаңы Талаа” жаңы ирригациялык каналдын курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Бул канал Кара-Кулжа районундагы сугат суу жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталган маанилүү гидротехникалык объект болуп саналат.

Каналдын жалпы сугат аянты 680 гектарды түзөт, узундугу 7,2 чакырым.

Канал негизинен эки айыл өкмөттү: Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Сары-Камыш айылы жана Карагүз айыл өкмөтү, Жаңы-Талаа жана Кеңеш айылдарын сугат суу менен камсыздайт.

Аталган аймактарда негизинен буудай, арпа, көп жылдык өсүмдүктөр жана жашылчанын бардык түрлөрү өстүрүлөт. Жаңы канал ушул эгиндерди толук кандуу сугат суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт.

“Ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу айыл чарбасында түшүмдүүлүктү жогорулатууга, сугат маселелерин системдүү чечүүгө жана айыл жергесинде жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мындай инфраструктуралык долбоорлор — өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана агрардык потенциалын толук пайдаланууга кызмат кылат”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Курулуш иштери 2023-жылдын күзүндө башталган, 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.