Өзгөндө күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу логистикалык борбор курулат
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Күрүч өндүрүү тармагында иш алып барган “Жаңы-Доор ЛТД” ишканасы Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагындагы Прогресс айылында күрүчтү кайра иштетүүчү, таңгактоочу, экспортко чыгаруучу муниципалдык логистикалык борборду түзүп, бул логистикалык борбордун курулушун баштоо алдында турат.
Өзгөн күрүчүн экспортко чыгаруу үчүн «СASA 1000» долбоорунун алкагында 6 млн 800 миң сом акча каражаты бөлүнүп, акыркы үлгүдөгү экспортко чыгууга керектүү заманбап жабдууларды алынган.
Мындан сырткары, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору тарабынан аткарылып жаткан Өзгөн күрүчүнө100 млн сом акча каражаты 1.5% менен Өзгөн күрүчүн өнүктүрүү максатында керектүү трактор, комбайн, экскаватор, ХОВО, портер, дары чачуучу дрондор, күрүч эгүүчү техникаларды алынат.
Натыйжада, дыйкан-фермелер үчүн күрүч айдап-себүү, оруп алууда, жыйнаган түшүмүн экспортко чыгарууда мыкты шарттар түзүлөт.
Иш-чаранын соңунда инвесторлор үчүн зарыл шарттарды түзүү жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.
