Соода-өнөр жай палатасында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү
10 июнь

Соода-өнөр жай палатасында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү маселелерине арналган Дүйнөлүк банктын миссиясынын иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. КР Соода-өнөр жай палатасынан жолугушууга вице-президент Толкунай Таалайбекова айым катышты.

Тараптар жумуш орундарын түзүүдө жана иш менен камсыз кылууну формалдаштырууда жеке сектор туш болгон негизги тоскоолдуктарды талкуулашты. Кесиптик көндүмдөрдүн жетишсиздиги маселесине жана компаниялар менен билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташуунун учурдагы мисалдарын талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар туруктуу жумуш орундарын түзүүгө багытталган келечектүү тармактар жана экономикалык трансформациянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашышты.

Миссиянын сапары негизги өнөктөштөр менен диалогду өнүктүрүүгө жана Кыргызстанда иш менен камсыз кылууну колдоо, адам капиталынын сапатын жогорулатуу жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча стратегиялык демилгелерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон эксперттик баалоолорду чогултууга багытталган.