Кайтарылган патент системасы, тандоо мүмкүнчүлүгү – кыргызстандык ишкерлерди салык жаатында кандай өзгөрүүлөр күтүүдө?
Кыргызстанда базарда соода кылган ишкерлер үчүн патент системасы кайтарылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
«Базарлардагы чакан жана орто бизнеске патент системасын алып келели деп жатабыз. Биз чакан, орто ишкерлердин жамааты менен байма бай жолугушуп, пикирлердин угуп, эксперттик группаларынын сунуштарын эске алдык. Албетте, мурдагы процедураларды жаман деп айтпайбыз. Анын баары тартип болсун, баары бирдей салык төлөсүн, мамлекет баарын көзөмөлгө алсын деген ниетте жасалган. Бирок тилекке каршы, ага базарлар, инфраструктурабыз, көзөмөл системабыз даяр эмес экен», – деди Шыкмаматов.
Анын айтымында, бул жолку патент системасы мурдагыдан айырмалат. Мисалы, мурда балмуздак саткандар менен ири соода кылгандар бирдей өлчөмдө салык төлөсө, азыр ар бирине өзүнчө патент берилет. Ошондой эле, ишкерлерге тандоо эркиндиги берилет.
«Салык адилеттүү болушу керек. Чоң соода кылгандар көп, айран-сүт саткандар аз салык төлөөгө тийиш. Биз ишкерлерге эркиндик беребиз, эркиндиктен өткөн жакшы нерсе барбы. «Патент ала албайм, ага товар жүгүртүүм жетпейт» деген чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү ККМ коюп, нөлдүк ставка менен салык төлөй берсе болот. Бул алардын тандоосу, биз кайсы бир системаны ишкерлерге таңуулабашыбыз керек, варианттарды гана сунуштоого тийишпиз», – деди МСК төрагасы.
Шыкмаматов мындан сырткары ЭТТК боюнча ички посттор: Сосновка, Кемин, Каракол жана Лейлек посттору алынганын кабарлады. Айтымында, товар сырттан киргенде гана көзөмөлдөнүш керек, өлкө ичинде көзөмөлдөө логикага туура келбейт.
Мындан тышкары, Салык кызматы сунуштай турган мыйзамдарда зергерлерге жеңилдик берүү каралган. Бул Өзбекстандын, Түркиянын, Таиланддын, Бангкоктун тажрыйбасына таянып жасалды. Анткени, төрага белгилегендей, жеңилдик берилген сайын, эркин рынок кеңейет дагы, салык алууга ошончолук оңой болот.
Ошондой эле, Шыкмаматов салык салуунун босого чени өзгөртүлгөнүн билдирди. Белгилегендей, мурда 30 миллион сомго чейин товар жүгүртүүсү барлар 0,5 пайыз, 50 миллион сомго чейинкилер 1 пайыз салык төлөсө, азыр 50 миллион сомго чейин 0,5 пайыз болду.
«Ооба, бул салыкты азайтуу болуп калат. Анализ кылганыбызда, салык чогултууларда азаюу пайда болот экен. Бирок бизде эки жол бар: же акчанын артынан кубалап, салык чогултууларды көбөйтүү, аны менен ишкерлерге оорчулук келтирүү же азаюу болсо дагы чакан жана орто бизнеске жеңилдик берүү. Чакан жана орто бизнес өзүн эркин сезе баштаганда, толугу менен көмүскөдөн чыгат. Ошондо, биз убактылуу азаюуга барабыз, анан баары ачык иштей баштаганда, өйдөгө чыгабыз», – деди Алмамбет Шыкмаматов.
