Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тармактык комитетте каралды
9 июнь

Эркин экономикалык зоналар жөнүндөгү мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тармактык комитетте каралды

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 9-июндагы жыйында «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда колдоду.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору менен Юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова тааныштырды.

Анын максаты Кыргыз Республикасында эркин экономикалык зоналарды (ЭЭЗ) түзүүнү жана жоюуну укуктук жактан жөнгө салууну жакшыртуу болуп саналат. Ага ылайык ЭЭЗ өзүнчө мыйзамдын негизинде эмес, Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлө тургандыгы боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Аталган түзөтүүлөрдүн негизги максаты - ЭЭЗ түзүү, колдонуу мөөнөтүн узартуу, чек араларын өзгөртүү жана жоюу боюнча ыйгарым укуктарды Министрлер кабинетине өткөрүп берүү менен ЭЭЗ түзүү жана жөнгө салуу процессин ыңгайлаштыруу, бул чечимдерди кабыл алуу процессин тездетүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. 

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева мыйзам долбоорунун максаты жана милдетин тактап, өзгөчө Министрлер кабинетине ЭЭЗ түзүү, мөөнөтүн узартуу, чек араларын өзгөртүү жана жоюу боюнча ыйгарым укуктарды берген ченемге көңүл бурду.