Тармактык комитет Ысык-Көл облусунда жол куруу иштери менен таанышты
9 июнь

Тармактык комитет Ысык-Көл облусунда жол куруу иштери менен таанышты

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында жол куруу иштери менен жеринен таанышты. 

Депутаттар алгач Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоонун алкагында Чолпон-Ата шаарында жүрүп жаткан жол курулуштарын көрүштү. Анда Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Азамат Тургунбаев автомобиль жол курулушундагы иштер боюнча маалымат берди.

81 чакырым аралыктагы жолдун учурда 30 чакырымы жасалып бүтсө, кийинки жылы толугу менен аяктоо пландалууда. Эл өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарындагы жол кеңейтүү долбоорунда вело жолдун кошулбай калганын айтып, бул туристтер үчүн маанилүү инфраструктура болорун баса белгилешти. Министрдин орун басары веложол курулуштун долбоорунда камтылбаганын билдирди. 

Мындан тышкары, эл өкүлдөрү Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоодогу Корумду – Балбай Баатыр участкасындагы курулуштан да кабар алышты. 79,3 чакырым жолду оңдоо эл аралык уюмдардын каржылоосунда, 118,4 млн АКШ доллары эсебиндеги каражатка аткарылууда. Депутаттар долбоорго өздүк салым катары Жол фондунун акчасын иштетүү максатка ылайыксыз экендигин белгилешти. Мындан тышкары алар асфальт басуу иштеринде сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырышты. 

Ошондой эле, комитет төрагасы Мурадил Сыдыков, депутаттар Бактыбек Сыдыков, Талант Мамытов, Бактыбек Чойбеков, Медербек Саккараев, Равшан Рысбаев, Бахридиндин Шабазов жана Жаныбек Кыдыкбаев Каракол эл аралык аэропортуна барышты.

Эл аралык аэропортто Бишкек – Каракол багыты боюнча жумасына эки, Ош – Каракол багыты менен бир жолу учуулар аткарылат. Муну менен катар аэропорт эл аралык рейстерди кабыл алууга ички даярдыктарды көрүүдө.

Аэропорт жетекчиси Сабырбек Нарбаев белгилегендей, мында саатына 250 жүргүнчүнү тейлөөгө толук шарт бар. Учуп-конуу тилкесин 2450 метрден 3750 метрге чейин кеңейтүү жана түнкүсүн учактарды кабыл алууга жарыктарды орнотуу иштери жүрүүдө. 

Комитет төрагасы Мурадил Сыдыков Ысык-Көлдө туризм тармагын жакшыртууда жана өлкөнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүндө Каракол эл аралык аэропортунун жаңыланышын маанилүү кадам деп сыпаттады. Ал эми депуттар аэропорттун мүмкүнчүлүктөрүнө, эл аралык рейстерди уюштуруу шарттарына көңүл бурушту.