«Отдых-2025» эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу презентация көрсөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен биргеликте Минск шаарында өтүп жаткан салттуу эл аралык «Отдых-2025» туристтик көргөзмөсүнө катышты.
Иш-чарага Өзбекстан, Таиланд, Оман, Түркия, Палестина, Зимбабве, Куба жана Орусиянын 16 аймагынын өкүлдөрү катышууда.
Эл аралык көргөзмөнүн аянтчасында Кыргызстандын туристтик павильону уюштурулуп, анда стенддер, маалыматтык фото-видео материалдар жана брошюралар түрүндө тиешелүү маалыматтар берилген.
Ошондой эле көргөзмөнүн башкы сахнасында өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы тууралуу презентация болду.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти менен Беларусь Республикасынын Спорт жана туризм министрлигинин ортосундагы туризм тармагында кызматташуу боюнча иш-чаралар планына кол коюу иш-чаранын маанилүү окуясы болду.
