
Бакыт Төрөбаев: Акыркы жылдары малдын саны өсүп жатат
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү калк менен жолугушуп, айыл чарбасындагы бирден-бир приоритеттүү болгон – мал чарбасынын учурдагы абалы, аны жакшыртууга көрүлгөн чаралар тууралуу кененирээк токтолду.
Бакыт Төрөбаев: Өзүңүздөр билгендей, мал чарбасы, өлкөбүздүн айыл чарбасынын эң негизги жана маанилүү тармактарынын бири болуп саналат. Ал элге эт, сүт, май сыяктуу азыктарды берип гана тим болбостон, аймактарда жашаган көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн негизги киреше булагы жана жумуш орду болуп келет.
Республиканын бардык аймактары табигый жана тоолуу шарттары менен мал багууга абдан ыңгайлуу. Ошондуктан жергиликтүү шартка жакшы көнгөн мал түрлөрү өсүп, багылып жатат. Бирок ушул жагдайга карабастан, мал чарбасын өнүктүрүүгө тоскоол болгон бир катар көйгөйлөр да бар.
Акыркы жылдары малдын саны өсүп жатат. Мисалы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча, ири мүйүздүү малдын саны – 1 млн 828 миң баш, кой-эчки – 6 млн 280 миң баш, жылкы – 553 миң 516 баш, ал эми канаттуулар – 7 млн 731 миң башты түздү.
Малдын саны өскөнү менен, анын сапаты төмөн. Асыл тукум малдардын үлүшү жалпы малдын санынан болгону 0,1 пайызын гана түзөт. Бул өтө аз көрсөткүч. Биз, малды жөн гана көбөйтпөй, анын асылдуулугун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушубуз керек.
Анткени, малдын асылдууулугуна көңүл бурулбай, көпчүлүк малдар системасыз жана тартипсиз уруктандырылып жатат. Бул болсо малдын тукум сапатынын төмөндөшүнө жана сүт-эт өндүрүү көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келди. Мисалы, 1990-жылы ар бир уй орто эсеп менен жылына 3 миң литрден сүт берсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 2 миң литрди гана түзөт.
Малдын азыгын көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу – жасалма уруктандыруу. Бул ыкма, малдын тукумун, породасын жана сүт-эт берүүсүн жакшыртат.
Бүгүнкү күнү, урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен, Министрлер Кабинети тарабынан 17,5 млн сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары сатып алынууда. Алар жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактарындагы техник уруктандыруучуларга берилет.