Тилек Текебаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштери менен таанышты
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 28-майда Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш объекттериндеги жумуш ыргагы менен таанышты.
Азыркы учурда темир жол аймактарына баруучу аралыкка электр чубалгыларын тартуу жумуштары 95 пайызга аткарылды.
Мындан сырткары, негизги объекттердин бири болгон 12 чакырым аралыктагы туннелдин курулушу, жумушчулар үчүн эки шаарча, арматура, темир-бетон чыгаруучу жаңы заводдун курулушу жүрүүдө. Ага катар 200дөн ашуун жумушчу, атайын техникалар тартылган.
Жумуштардын жүрүшү менен таанышкан ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев экологиялык талаптарды, санитардык эрежелерди так сактоо, тазалыкты камсыздоо жана жалпы курулуш жумуштарын өз убагында жүргүзүү зарылдыгын эскертти.
