Жыл башынан бери 66 кыргызстандык круиздик кемеге жумушка орношкон
9 июнь

Жыл башынан бери 66 кыргызстандык круиздик кемеге жумушка орношкон

Эмгек жана жарандык абалдын актыларын каттоо борбору кыргызстандыктарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктердин иштөөсүнө шарт түзөт.

2025-жылга карата эмгек рыногунун 192 катышуучусу 29 өлкөдө иштейт. 2025-жылдын 5 айында 72 уруксат кагазы берилип, жалпысынан 6 миң 665 адам иш менен камсыз болгон.

Аталган борбордун маалыматы боюнча, кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча эң популярдуу өлкөлөр: Түркия (2 945 адам), Улуу Британия (1 455), Германия (665), Россия (637), Болгария (469), Венгрия (107), Литва (97), Сербия (72), круиздик кемелер (66), Словакия (23), Казакстан (23), Словакия (23) башкалар.

Эмгек жана жарандык абалдын актыларын каттоо борбору кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнөкөйлөтүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча ишин улантат.