Кыргыз делегациясы Беларусиянын асыл тукум мал чарбачылыгындагы тажрыйбасын изилдөөдө
9 июнь

Кыргыз делегациясы Беларусиянын асыл тукум мал чарбачылыгындагы тажрыйбасын изилдөөдө

Кыргыз Республикасынын делегациясы Ветеринардык жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча кызматтын директорунун орун басарынын жетекчилиги алдында Беларустун тажрыйбасын үйрөнүү максатында жумушчу сапар менен барып келди.

Ведомстводон билдиришкендей, сапардын алкагында төмөнкү негизги уюмдар менен жолугушуулар өттү:

Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министрлиги

Асыл тукум ишин жүргүзүүдөгү мамлекеттик саясат менен таанышуу

“Жаныбарлар чарбасындагы маалыматтык системалар борбору” ММ (airc.by) Жаныбарларды идентификациялоо жана продукциянын каймылдуулугун көзөмөлдөө системасы менен таанышуу

Беларусь Минсельхозпродунун ГИВЦ ишканасы (givc.by) Статистикалык маалыматтарды чогултуу жана анализдөө технологияларын изилдөө

Минск асыл тукум чарбасы (plemminsk.by) Асыл тукум материалын тандоо, чогултуу жана экспертизадан өткөрүү, селекциялык иштердин практикасы менен таанышуу

Минск сүт заводу №1 ААК (belmilk.by) Сүттү кайра иштетүү технологиялары жана продукциянын ассортименти менен таанышуу

Сапардын жыйынтыгы Кыргыз делегациясы баалуу практикалык тажрыйбага ээ болду, бул:

•мал чарбачылыгында санариптештирүүнү өнүктүрүүгө

продукциянын каймылдуулугун камсыз кылууга

асыл тукум базасын жакшыртууга

жана келечекте сүт азыктарын экспорттоону кеңейтүүгө өбөлгө болот.

Бул иш сапар Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө чоң кадам жасалды.

Ведомстводон мындай сапарларды ишкерлер үчүн системалуу негизде уюштуруу зарылдыгын кошумчалашты.