Өзгөндө жылына 15 млн даана карп-сазан чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды
28 май

Өзгөндө жылына 15 млн даана карп-сазан чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды

Өзгөндө жылына 15 миллион даана карп-сазан чабактарын чыгаруучу инкубациялык цех ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, цехтин ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун барасы – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

"Бул долбоордун максаты – аквакультураны туруктуу өнүктүрүү, балык багуунун көлөмүн жогорулатуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл жергесинде калкка жумуш орундарын түзүү", - деп билдирди Бакыт Төрөбаев.

Инкубациялык цех жылына 15 миллион даана карп-сазан жана жылуу сууда өсүүчү балык чабактарын чыгарууга мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Долбоордун наркы 9 миллион сомду түзөт.

Бул долбоор Түркиянын Кызматташтык жана координациялоо агенттигинин (TİKA) колдоосу менен ишке ашырылып, табигый шарттарга жакын кырдаалда балыкты жасалма көбөйтүү жана инкубациялоо боюнча заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.