Өзгөндө 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулат
28 май

Өзгөндө 600 тонналык мөмө-жемиш сактоочу кампа курулат

Өзгөн районунун Кызыл октябрь айыл өкмөтүнүн Большевик айылында мөмө-жемиш сактоочу соода логистикалык борбор курулат. Курулушка капсула салуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун барасы – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, “Большевик багбандар биримдиги” тарабынан салынып жаткан соода-логистикалык борбору жергиликтүү багбандардын түшүмүн сактап, экспортко чыгарууга чоң өбөлгө түзөт. Кампа 600 тонна мөмө-жемишти сактоого жөндөмдүү.

Долбоордун наркы 35 млн сомду түзөт. Каражат Дүйнөлүк банктан "Арис" долбоору аркылуу 2% менен 35 млн сом насыя 7 жылдык мөөнөткө алынган.

Иш-чаранын соңунда инвесторлор үчүн зарыл шарттарды түзүү жана колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев учурда Ош облусунда жумушчу иш сапары менен жүрөт.