Бишкекти жана Чүйдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору ишке кирди
16 май

Бишкекти жана Чүйдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору ишке кирди

Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3» долбоору ишке кирди.
 
Аталган долбоордун негизги максаты - жеткиликтүү жеңилдетилген насыялык каражат берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана башка материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жеңилдетилген насыяларды берүү мөөнөтү 2025-жылга каралган. Долбоордун алкагында насыяны Айыл Банктан жана Элдик Банктан алууга болот.
Каржылоонун суммасы: 150 000 (жүз элүү миң) сомго чейин кошо.
Кредиттин мөөнөтү: – 12 ай, – 24 ай.
Камсыз кылуу: күрөөсүз негизде.
Акыркы пайыздык коюму: 3 жылдык пайыз.

Долбоордун наркы: 200,0 млн сом.
Каржылоо субъекттери: жеке жактар, юридикалык жактар, жеке ишкерлер.
Каржылоо объекттери: турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк.

Багыт: газдаштыруу өзүнө газ менен жылытуучу от казандарын орнотууну/сатып алууну, керектелүүчү материалдарды сатып алууну, курулуш-монтаждоо жумуштарын (КМЖ) каржылоону камтыйт.