Баткен районунда эки айыл чарба багытындагы ишкана ачылат
16 май

Баткен районунда эки айыл чарба багытындагы ишкана ачылат

Баткен районунда эки айыл чарба багытындагы ишкана ачылат, деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгү. 

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы мөмө жемишти кайра иштетүүчү жана кургатуучу муниципалдык ишкананын курулушу аяктады.

Керектүү жабдуулары орнотулуп, алгачкы продукциясын тесттик режимде чыгарды.

Ишкананын курулушу Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен каржыланып, 22 млн сом бөлүнгөн.

Бул борбор иштей баштаса жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болот, айыл аймактын киреше булагы артып, жергиликтүү багбандар түшүмүн жеринде сатууга шарт түзүлөт.

Ушундай эле айыл чарба багытындагы ишкана Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылында курулду. Айыл чарба продукциясын муздатып сактоочу логистикалык борбордун курулушуна, облусту өнүктүрүүгө багытталып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500млн сомдун эсебинен 7 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 3млн сом, өнөктөш болгонКореянын Good Neighbours уюмунан 17,1 миллион сом каржыланган.

Ишкананын кубаттуулугу 500 тоннаны түзөт, бул жергиликтүү дыйкандардын түшүмүн сактоого жана кирешесин жогорулатууга жардам берет. 10 адам жумуш менен камсыз болот.

Учурда борбор тесттик режимде иштеп баштады.