Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери кандай этапта турат
Кыргызстандын энергетика тармагында маанилүү орунду ээлеген «Электр станциялар» ААКнын филиалы Үч-Коргон ГЭСде модернизациялоо долбоору кызуу фазада уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Бул долбоордун негизги максаты – станциянын техникалык абалын жакшыртуу, электр энергиясын өндүрүүнүн ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Долбоор эки ири пакеттен турат:
• Пакет 1 – Түбүн тазалоочу жабдууларды жана тиешелүү кызматтарды сатып алуу
• Пакет 2 – Электромеханикалык генерациялоочу жабдууларды (ЭМГЖ) жана гидравликалык болот конструкцияларын (ГБК) алмаштыруу
Пакет 2нин алкагында аткарылган негизги иштер:
• 2023-жылдын 28-июлунда көпүрө кранын реконструкциялоо ийгиликтүү аяктаган.
• 2024-жылы Т-2 күч трансформатору 30-октябрда, ал эми 4-гидроагрегат 27-декабрда ишке берилген.
• 2025-жылдын март айында 3-гидроагрегатты реконструкциялоо иштери башталган.
Бүгүнкү күндө аткарылган иштер төмөнкүдөй:
• 3-гидроагрегат толук демонтаждалып, учурда монтаж иштери улантылууда.
• Ток өткөргүч жана генератордук өчүргүч орнотулуп бүткөн.
• Аккумулятордук батарея ишке киргизилген.
• Спирал камерада жана турбина бөлүгүндө механикалык тазалоо, ТВС түтүктөрүн монтаждоо, импульстук түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат.
• Статор жана ротор бөлүктөрүн чогултуу иштери да активдүү фазада.
• SCADA системасынын насостору орнотулуп, автоматтык башкарууга туташтырылууда.
Долбоордун негизги максаттары:
• Үч-Коргон ГЭСин техникалык жактан жаңылоо жана эскирген жабдууларды алмаштыруу.
• Электромеханикалык жабдуулардын кубаттуулугун 20%га чейин жогорулатуу.
• Гидротехникалык конструкциялардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу.
Үч-Коргон ГЭСин жаңылоо иштери графикке ылайык жүрүп жатат жана 2025-жылдын соңуна чейин кезектеги гидроагрегатты (ГА-3) эксплуатацияга берүү күтүлүүдө.
