Бакыт Төрөбаев Найман, Төрт-Күл суу сактагычынын абалын текшерип, дыйкандарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоону тапшырды
31 март

Бакыт Төрөбаев Найман, Төрт-Күл суу сактагычынын абалын текшерип, дыйкандарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоону тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ош облусунун Ноокат районундагы Найман суу сактагычынын жана Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Күл суу сактагычынын абалын текшерип, жазгы сугат ишине болгон даярдыгын көзөмөлдөн өткөрдү.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө министр Бакыт Төрөбаев жазгы-жайкы сугат мезгилинде дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылдыгын, кандай гана көйгөй жаралбасын өз убагында чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип, бир катар чечимдер кабыл алынды. 

Белгилей кетсек, Найман суу сактагычы Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 7785 гектарын суу менен камсыз кылат. Азыркы учурда суу берүүчү мунаранын ичиндеги кыймылдаткычта көйгөй жаралып, оңдоо иштери жүрүүдө. Бир жуманын аралыгында толугу менен оңдолуп бүтүп, элге суу берүүдө маселе жаралбай турганы айтылды.

Ал эми Төрт-Күл суу сактагычы Баткен районунун 10 миң гектарга жакын жерин суу менен камсыз кылат. Жыйында суу сактагычты айланып өткөн каналды тазалоо тапшырмасы берилди.