Кыргызстан менен Кытай өнөр жай кызматташтыгын чыңдоодо
Бишкекте Чжэцзян провинциясынын (КЭР) ишкерлери менен Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн стратегиялык өкмөттүк жана бизнес жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын максаты - өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүү жана тараптар ортосунда тажрыйба алмашуу болду.
СӨПтүн атынан куттуктоо сөзүн палатанын вице-президенти Нурлан Нартаев айтты. Ал Кытай менен экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, өнөр жай өнөктөштүгү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор, интеллектуалдык менчикти коргоо жана өндүрүштүк альянстарды түзүү сыяктуу артыкчылыктарга токтолду.
Жолугушуунун программасы суроо-жооп сессиясын, B2B сүйлөшүүлөрүн жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды алмашууну камтыды.
КР СӨП мындан ары да эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кыргыз бизнесин тышкы рынокторго жылдыруу үчүн жагымдуу аянтчаны түзүүгө жигердүү колдоо көрсөтөт.
