Кыргызстанда биринчи жолу Сербиядан алынып келинген жүзүмдүн жаңы сорттору отургузулууда
28 май

Кыргызстанда биринчи жолу Сербиядан алынып келинген жүзүмдүн жаңы сорттору отургузулууда

Чүй облусунда Алымбаев Нурилдин жетекчилигинде “Жайыл” айыл чарба өндүрүштүк кооперативи үрөнчүлүк чарбасынын базасында жаңы жүзүмзарларды уюштуруу башталды.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, бир гектар аянтка Сербия Республикасынан алынып келинген “Мустанг Италия”, “Мустанг Гамбург” жана “Виктория” сортторунун көчөттөрү отургузулду.

Өсүмдүктөрдүн өнүгүшү жана натыйжалуу кам көрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу үчүн отургузуу 1,7×3 метр схемасы боюнча жүргүзүлүүдө. Бул аймакта түшүмдүн товардык жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн жогорулатууга багытталган биринчи сербиялык отургузуучу материал болуп саналат.

Демилге тармактагы жалпы оң тенденциялар менен айкалышат. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында жүзүмдүн дүң жыйымы 5990,1 тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 17,2 % га көбөйдү. Өсүмдүктөрдүн жалпы аянты азайганына карабастан түшүмдүүлүк гектарынан 12,3 төн 22,6 центнерге чейин жогорулады.

Эң чоң өсүш темпи да катталды:

  • Ош облусунда - дүң жыйымга карата +74 % ;
  • Чүй облусунда 238 тоннага көбөйдү;
  • Жалал-Абад облусунда түшүмдүүлүк дээрлик үч эсеге өстү;
  • Баткен облусунда түшүмдүүлүк эки эседен ашык өстү.

Жагымдуу агроклиматтык шарттарды жана өсүп жаткан суроо-талапты эске алуу менен жүзүмчүлүк агрардык өндүрүштү диверсификациялоонун келечектүү багыты катары каралат.

Эске салсак, тармакты колдоо жана өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-2029-жылдарга карата багбанчылыкты жана жүзүмчүлүктү өнүктүрүү программасы бекитилген (2024-жылдын 14-октябрындагы № 633-тескеме). Ал 2024-жылга иш-аракеттер планын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы 202 Жарлыгынын стратегиялык милдеттерин ишке ашырууга багытталган.

Программаны ишке ашыруу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун олуттуу чыңдоого, жашылча-жемиш продукциясынын экспортун кеңейтүүгө жана айыл жергесинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берери күтүлүүдө.