Кара-Сууда асфальт жана бетон өндүрүүчү ири завод ишке кирди
9 июнь

Кара-Сууда асфальт жана бетон өндүрүүчү ири завод ишке кирди

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ташлак айылында 8-июнда “Салих Строй” ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт жана бетон өндүрүүчү ири заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Заводдун жалпы долбоордук баасы 721 миллион сомду түзөт.

Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, саатына 300 тонна асфальт жана 270 куб метр бетон өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Завод толук кандуу ишке кириши менен 150 жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү тургундар туруктуу иш менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, ишкана Кара-Суу районунун 90 жылдык мааракесине карата ачылган.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон бир катар депутаттар, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.