Кыргызстан менен Россия экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода-экономикалык кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.
