Минск шаарында Кыргызстандын туристтик потенциалынын бет ачары болду
Минск шаарында Нооруз майрамынын алкагында Кыргыз Республикасынын Элчилигинде Беларустун алдыңкы туристтик агенттиктеринин жана компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чарага 30дан ашык алдыңкы туристтик операторлордун өкүлдөрү, ошондой эле Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаев Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу презентация жасап, туризмдин түрлөрү боюнча мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири айтып берип, катышкандардын баарын өлкөгө келүүгө чакырды.
Ошондой эле Кыргызстандын кооз жаратылышы жана туристтик маршруттардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө видеороликтер көрсөтүлгөн.
Жолугушуу жандуу диалог форматында улантылып, анын жүрүшүндө Элчи Эрбол Султанбаев Беларустун туризм тармагынын өкүлдөрүн кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Түз ишкер байланыштарды түзүү максатында белоруссиялык компаниялар жана агенттиктер менен биргелешкен туристтик долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин алдын ала билдиришкен Кыргызстандын туристтик компанияларынын жетекчилеринин байланыш номурлары берилди.
