Корумду-Балбай-Баатыр жолунда курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ
27 май

Корумду-Балбай-Баатыр жолунда курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, “Ысык-Көл айланма жолунун 104-184,5-чакырымдар аралыгын (Корумду-Балбай-Баатыр тилкеси) реконструкциялоо” долбоору боюнча курулуш иштери 2025-жылдын 1-апрелинде толук кандуу башталган. Анда унаа жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, велосипед жолу менен 14 көпүрөнүн жана 877 суу өткөргүчтөрдүн курулушу жана реконструкциялоо жумуштары каралган.

Ошондой эле, долбоордун алкагында жарыктандыруу, калктуу конуштарда аялдамалар, темир бетон парапеттер, тосмолор орнотулуп, эс алуу зонасы бар унаа токтотуучу жайлар курулат. Мындан тышкары, долбоордо жолду жашылдандыруу да каралган.