Бүгүн Шанхай шаарында эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири – ITB China башталды
Бүгүн Шанхай шаарында эң ири туристтик көргөзмөлөрдүн бири – ITB China башталды, анда Кыргыз Республикасы өзүнүн байлыктарын жана потенциалын тааныштырды.
Улуттук павильонду ачуу аземине Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Асылбек Алиев жана Кытайдагы соода өкүлү Жусубали Торомаматов катышты.
Көргөзмөнүн алкагында чоң кыргыз-кытай роуд-шоусу өтүп, ага жүздөн ашуун адам катышты. Алар Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык келечеги менен таанышып, байланыштарды түзүштү.
Эмне менен тааныштырабыз:
- Кийиз менен тартылган сүрөттөрдү жаратуучу сүрөтчүлөр.
- Кыргыздын улуттук үйлөнүү үлпөт кийимдеринен жасалган фотозона, көргөзмөнүн көркүн ачты.
Кыргызча коноктоо: Келгендерди павильондо салттуу боорсок жана даамдуу чай менен тосуп жатышат.
Көргөзмө үч күнгө созулат. Бул Кыргызстанды дүйнөгө таанытуунун, маданий байланышты чыңдоонун жана жаңы туристтерди тартуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгү!
