КР Улуттук банкы эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды
27 май

КР Улуттук банкы эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды

Кыргызстандын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 26-майында эсептик ченди (негизги чен) 9,00 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2025-жылдын 27-майынан тартып күчүнө кирет.

Тышкы чөйрө дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин соода саясатынын өзгөрүшү жана геосаясий факторлор менен шартталган, дүйнөлүк финансы жана чийки зат рынокторунда орун алып жаткан белгисиздик абал менен мүнөздөлүүдө, бул экономикасы ачык жана рыногу калыптанып келе жаткан өлкөлөр үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат. Кыргыз Республикасынын экономикасынын түзүлүшүнө жараша, мындай тышкы факторлор өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү келечегине белгисиздикти пайда кылат.

Тышкы чөйрөдөгү чакырыктарга карабастан, Кыргыз Республикасы жогорку экономикалык жигердүүлүктү көрсөтүүдө – 2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде ИДӨнүн реалдуу өсүшү 11,7 пайызды түздү (2024-жылдагы тиешелүү мезгилине салыштарганда). ИДӨнүн өсүшүнүн түзүмүнө алгылыктуу салым кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жайы сыяктуу секторлору менен камсыз кылынган. Калктын реалдуу кирешесинин өсүшүнүн жыйынтыгында керектөө суроо-талап жогору бойдон калган, ошол эле учурда инвестициялык иштин өсүшү да байкалган.

Кыргыз Республикасында баа динамикасы бир калыпта сакталып турат. Керектөө баалары 2025-жылдын башынан тартып 2,9 пайызга өскөн, ошол эле учурда жылдык инфляциянын көрсөткүчү2 7,7 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Учурдагы инфляциянын калыптанышы негизинен айрым административдик баалардын өзгөрүшү (электр энергиясына тарифтердин кайра каралып чыгышы), ошондой эле мөмө-жемиш менен жашылчаларга болгон баалардын сезондуу өсүшүнүн тийгизген таасирлери менен шартталган. Жалпы алганда, инфляциянын динамикасы Улуттук банк күткөн чекте кармалып турат.

Банктар аралык акча рыногу активдүү, негизинен своп рыногу сегментинде жигердүү болууда, ошол эле учурда акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте өзгөрүлүп турат. Ички валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу, мында чет өлкө валютасына болгон талап менен сунуштун рыноктук калыптанышынын жыйынтыгында алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталган.

Өлкөнүн банк сектору туруктуу жана жогорку ликвиддүү бойдон калууда. 2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде экономиканы кредиттөө 15,6 пайызга өскөнү байкалган, кредиттер негизинен керектөө максаттары, соода жана айыл чарба тармагын каржылоо максаттары үчүн берилген. Банктар өзүнүн ресурстук базасын көбөйтүүнү улантууда – банк системасынын депозит базасы өтүп жаткан жылдын төрт айы ичинде 16,1 пайызга4 өскөн.

Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларына берилген баа жылдык инфляциянын көрсөткүчү ушул жылдын акырына карата орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүч – 5-7 пайыз чегинде калыптанат деп көрсөтүүдө. Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлмөлүү болушун, ошондой эле электр энергиясына тарифтердин өзгөрүшүнүн жана ички суроо-талаптын жогорулашынын инфляцияга тийгизген таасирин эске алып, Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган, Улуттук банктын жүргүзүп жаткан акча-кредит саясатына туура келет.

Улуттук банк акча-кредит саясатын жүргүзүүдө салмактанып алынган ыкманы колдонот жана инфляциянын түптөлгөн ички жана тышкы факторлоруна баа берүүнү улантат. Баа туруктуулугу үчүн кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселе боюнча кийинки отуруму 2025-жылдын 28-июлунда өтөт.