Орто-Токой ГЭСинин курулушу 50%га аяктады
27 май

Орто-Токой ГЭСинин курулушу 50%га аяктады

Орто-Токой ГЭСинин курулушу 50%га аяктады, деп билдирет Энергетика министрлигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, 2024-жылдын 29-июнунда Орто-Токой ГЭСтин курулушунун расмий башталышын белгилеген капсула салуу аземи өткөн. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт. Бүгүнкү күнгө карата, долбоор ишке ашырыла баштаганына 11 ай болгонуна карабастан, жалпы курулуш иштери болжол менен 50 %га аткарылды, бул иш так графикке ылайык жүрүп жатканын көрсөтөт. Курулуш иштери 24 ай ичинде толук аякташы пландалууда.

Белгилүү болгондой, долбоорду "Чакан ГЭС" ААКу Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Төмөнкү иштер аткарылды:

• Курулуш объектилерине убактылуу жана туруктуу жолдор курулду;

• Куруучулардын шаарчасы, материал сактоочу кампалар, бетон аралаштыруучу түйүндөр, компенсациялык блоктор жана электр камсыздоо объектилери толук аяктады;

• Узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык туннелдин 727 метри казылды;

• Алуучу каналдын жээк дубалдары курулду (жалпы 868 м³ бетон колдонулган);

• Алуучу каналдын задвижкалары жеткирилип, орнотулду;

• Ар бир гидроагрегат үчүн бирден болуп, үч соордургуч түтүктүн конустары орнотулду;

• Суу кабыл алуучу жайга алып барган жол курулуштун бетондоо жана жер иштери аяктады (жоллдун узундугу – 92 м, 300 м³ бетон колдонулган).

Учурда жүргүзүлүп жаткан иштер:

• Оперативдик башкаруу бөлмөсү, монтаж бөлмөсү жана 10 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштү арматуралоо жана калып иштер жүргүзүлүүдө;

• Туннелдин темир тосмолору орнотулууда;

• 110/10 кВ көмөк чордонун куруу боюнча бардык уруксат кагаздары алынган, курулушка даярдык көрүлүүдө;

• 110 кВ аба чубалгылары боюнча Балыкчы шаарынын мэриясы менен жер тилкесин бөлүү маселеси макулдашылууда.


Маалымат үчүн:

Долбоор КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-июлундагы токтомунун негизинде башталган. «Чакан ГЭС» ААКу менен кытайлык CHMC компаниясынын ортосундагы келишим 2023-жылдын 24-мартында түзүлгөн. Ага техникалык-экономикалык негиздемени, долбоордук документацияны даярдоо жана бардык курулуш иштерин жүргүзүү камтылган.

Орто-Токой ГЭСи ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.

Курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда.