Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда 46 млн долларлык инвестициялык меморандумга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому менен Корея Республикасынын DOD компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюулду.
Меморандумга ылайык, көп функционалдуу агроөнөр жай комплекси курулат. Максаты эт азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо. Инвестициянын жалпы суммасы 46 миллион долларды түзөт.
Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 19-июнда “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында өтүп, аг “Кыргыз Агрохолдинг” ААКнын директору Элдияр Убалиев, DOD компаниясынын Башкы директору Ким Хеджун баштаган бир катар компаниялардын жетекчилеринен турган делегация катышты. Жолугушууда кыргыз тарап өлкөгө инвестиция салууга кызыкдар чет элдик инвесторлорго ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн жана ишкерлер менен тыгыз иш алып баруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленди.
