Алгачкы жолу "ФРУНЗЕ-82" чарбасындагы бээлерге жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуу иштери жүрүүдө
Чүй облусунда жайгашкан "Фрунзе-82" чарбасы, Кыргызстандагы жылкы чарбачылыгынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келе жаткан алдыңкы чарбалардын бири. Учурда чарбада жаңы кыргыз породасындагы асыл тукум жылкылар багылып, алардын сапатын жогорулатуу боюнча системдүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Айрыкча чарбада эң мыкты бээлер кармалып, тукумду улантуу иши илимий негизде уюштурулган. Бул — келечекте өлкөнүн асыл тукум жылкы фондун жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк берет.
Министрликтин демилгеси менен өлкөдө алгачкы жолу "ФРУНЗЕ-82" чарбасында кыргыз породасындагы бээлерге жасалма уруктандыруу ыкмасын колдонуу иштери жүрүүдө. Бул демилге — ата мекендик асыл тукум мал чарбачылыгында жаңы доордун башталышы болуп саналат. Жасалма уруктандыруу аркылуу жогорку генетикалык сапаттагы тайлар алынат жана улуттук породаны дагы да жакшыртуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
"Фрунзе-82" чарбасынын бул аракети — кыргыз жылкысынын нукура өзгөчөлүгүн сактоо менен, аны дүйнөлүк стандарттарга жооп берген деңгээлге жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам.
