Жогорку Кеңештин депутаттары IM Japan уюмунун президенти Канамори Хитоши жана уюмдун башка өкүлдөрү менен жолугушту
27 май

Жогорку Кеңештин депутаттары IM Japan уюмунун президенти Канамори Хитоши жана уюмдун башка өкүлдөрү менен жолугушту

26-майда Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров Жапониянын Эл аралык жумушчу күчүн өнүктүрүү уюмунун (IM Japan) президенти Канамори Хитоши жана уюмдун башка өкүлдөрү менен жолугушту. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Джайлообай Нышанов, Данияр Толонов, Саидбек Зулпуев, Алтынбек Кылычбаев жана Бекмурза Эргешов дагы катышты.  

Жолугушууда Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелердин түрдүү багыттары талкууланып, аларды мындан ары да өнүктүрүү тууралуу сөз болду. 

Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров кыргыз-жапон алакасы жакшы багытта бара жатканын белгилеп, буга Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстанда жасап жаткан иштерин мисал кылды. 

«Албетте мындай иш-аракеттер биздин өлкөлөрдүн достугун бекемдеп, түрдүү тармакта тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөндүктөн биз мыйзам чыгаруу органы катары бул багытта тынымсыз иш алып барып келебиз», – деп белгиледи Талайбек Масабиров.

Өз кезегинде Канамори Хитоши IM Japan уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу учкай кеп кылып, 1991-жылы түзүлгөн уюм Кытай, Индонезия, Таиланд, Вьетнам жана Бангладеш менен кызматашуунун негизинде 70 миңден ашуун жумушчунун Жапонияда иштешине шарт түзүп бергенин билдирди. 

Ошондой эле Борбор Азияда биринчилерден болуп Кыргызстан менен байланыш түзүлгөнүн айткан Канамори Хитоши:

«Жапонияда кулинария, машина куруу сыяктуу жана башка көптөгөн тармактарда адистер жетишсиз. Биз 3 айдан 1 жылга чейинки мөөнөткө жумушчуларды кабыл алабыз. Бирок маанилүү нерсе тил билүү. Учурда бул боюнча Бишкектеги 2 университет менен кызматташып жатабыз. Бирок бул жетишсиз», – деп кошумчалады. 

Азыркы тапта Россия Федерациясындагы эмгек мигранттарынын агымы Европа өлкөлөрүнө оой баштаганын эске салган депутат Данияр Толонов Кыргызстан бул жаатта Жапония менен дагы иш алып барууга кызыкдар экенин билдирди. Ал ошондой эле эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттар жана кепилдиктер биринчи кезекте каралыш керек экенин белгилеп, тил үйрөтүү, мыйзамдарды окутуу сыяктуу иштерди биргеликте тезирээк жөнгө салууга чакырды.