2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын бюджетине кен өндүрүү тармагындагы 160 ишкана 147,5 млрд сомго жакын салык которгон
2020-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын бюджетине кен өндүрүү тармагындагы 160 ишкана 147,5 млрд сомго жакын салык которгон.
Ал эми 2025-жылдын 1-кварталында бюджетке дагы 10,8 млрд сом түшкөн.
Жалпысынан алтын өндүрүүчү компаниялар 158 млрд сомдон ашык төлөшкөн.
Жылдар менен алып карасак, 2020-жылы алтын казуучу компаниялар 16,9 млрд сом төлөсө, 2021-жылы 21,6 млрд, ал эми
2022-жылы рекорддук сумма чогулуп,
41,1 млрд сомго жеткен. 2023-жылы көрсөткүч 32,5 млрд болсо, 2024-жылы жалпысынан 35,4 млрд сом чогулган.
