«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты
19 июнь

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты

Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутат Данияр Толонов.

Конституциялык мыйзам долбоору «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 5-беренесинин 22-пунктун күчүн жоготкон деп таануу максатында иштелип чыккан. Аталган беренеде Улуттук банкка финансылык ортомчу кызматын түзүү, финансылык ортомчу кызматынын укуктук статусун, иштөө, түзүү жана мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн жана аларды керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкары кароо тартибин аныктоо, ошондой эле финансылык ортомчу кызматын күтүүгө карата финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн төгүмдөрүн бекитүү ыйгарым укуктары каралган.