Франция Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар
Франция Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар. Бакыт Төрөбаев Франциянын тышкы соода маселелери боюнча министри менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Париж шаарындадагы француз министринин жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, өз ара соода жана инвестиция тармагындагы байланыштарды бекемдөө, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги тууралуу маселелер талкууланды.
Өзгөчө көңүл товар жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана эки мамлекеттин ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерине бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Франция менен өз ара пайдалуу, узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экени баса белгиленип, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосундагы түз диалогду активдештирүүнүн маанилүүлүгү тастыкталды. Ошондой эле, экономикалык кызматташууну бекемдөөгө жана заманбап технологиялык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушу айтылды.
Белгилеп кетсек, Лоран Сан Мартен жакынкы күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Анын алкагында ал кыргыз-француз бизнес форумуна катышып, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.
Өз кезегинде, Лоран Сан Мартен эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, кыргыз жана француз ишкерлери ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Ал Кыргыз Республикасын Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары жогорку потенциалга ээ экенин да өзгөчө белгилеп кетти.
