Жалал-Абадда жаңы 110/35кВ  “Көк-Арт” көмөк чордону курулуп, пайдаланууга берилди
19 июнь

Жалал-Абадда жаңы 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордону курулуп, пайдаланууга берилди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун, Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында жогорку чыңалуудагы жаңы курулган “Көк-Арт” көмөк чордонунун ачылыш аземине катышты.

Бул көмөк чордон Улуу жибек жолунун  Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулду.

Курулуш жумушу үстүбүздөгү жылдын апрель айынан башталып, Кытай темир жол компаниясы ишке ашырды.

Жаңы курулган 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордондон 35 кВ эки линия чыгат. Алар 35кВ Калмак-Кырчын аба чубалгысынын узундугу 11 чакырым, Сары-Кыр 35кВ аба чубалгысынын узундугу 35 чакырымды түзүп,Казарман аба чубалгысына туташат.  

Бул долбоор “Кыргызстан УЭТ” ААКсы жана Кытай-Кыргызстан темир жол куруучу компаниянын ортосундагы келишиминин негизинде, темир жол куруу үчүн аталган көмөк чордонго Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан керектүү кубаттуулук берилип, мөөнөтүнөн эрте бүткөрүлүп, ишке берилди.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаев,  энергетика министри Т.Ибраев, Кыргызстан-Кытай темир жолун куруучу компаниянын өкүлдөрү, “Кыргызстан УЭТ” ААКнын башкы директорунун орун басары И.Сыдыгалиев,райондун акими, Жалал-Абад ЭТИнин директору, тиешелүү адистер, кызмат, РЭТ башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.