Айыл чарба министрлиги дээрлик 50 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат
19 июнь

Айыл чарба министрлиги дээрлик 50 млн сомго жайыт чөптөрүнүн үрөнүн сатып алат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра тштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти 49 млн 981 304 сомго жайыт чөптөрүнүн (кылкансыз тубу бош, таракбаш, жайыт райграсы) жана эспарцеттин 173 392 кг үрөндөрүн сатып алууга “Сидс-Агро” ЖЧКСы жана “Карина-Агро” айыл чарба кооперативи менен келишим түздү. 

Келишимдин алкагында эспацеттин үрөндөрүнүн өнүп чыгышына лаборатоиялык анализ жүргүзүлөт.