Сеулда Тамчы – Каракол багыты боюнча түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды
10 апрель

Сеулда Тамчы – Каракол багыты боюнча түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова 8-апрелде Asiana Airlines авиакомпаниясынын Вице-президенти Жонгмин Ким менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Түштүк Корея жарандарынын Кыргызстанга болгон туристтик кызыгуусу өсүп жатканын белгилеп, өлкөнүн жаратылыш кооздуктарынын өзгөчөлүгүн жана туризмди өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды баса белгиледи.

Элчи учурдагы Бишкек – Сеул түз авиакаттамы тууралуу маалымат берип, каттамдардын географиясын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Атап айтканда, Элчи Asiana Airlines авиакомпаниясына Сеул – Бишкек багыты боюнча гана эмес, ошондой эле Сеул – Тамчы (Ысык-Көл) жана Сеул – Каракол багыттары боюнча сезондук түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.

Asiana Airlines компаниясынын Вице-президенти Жонгмин Ким мырза берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын кооз жаратылышы менен тааныш экенин белгиледи. Ал түштүк кореялык туристтердин Кыргызстанга болгон жогору кызыгуусун тастыктап, компания Кыргызстанга туруктуу же чартердик каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кылдаттык менен карап чыгарын билдирди.