Туризмди илгерилетүү алкагында Кыргызстанда Урал туроператорлору үчүн инфо-тур өтүүдө
10 апрель

Туризмди илгерилетүү алкагында Кыргызстанда Урал туроператорлору үчүн инфо-тур өтүүдө

Кыргызстан өнөктөш өлкө катары катышкан «Жай-2025» туристтик көргөзмөсүнүн жыйынтыгы боюнча Свердлов, Тюмень жана Челябинск облустарынын алдыңкы туроператорлору үчүн үстүбүздөгү жылдын 7-12-апрелинде Кыргыз Республикасында инфо-тур өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин көмөгү менен «Инфо-Сервис Компани» кыргыз компаниясы уюштурду.

Инфо-турдун негизги максаты – Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Урал федералдык округунун аймактарынын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоо, ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын Россиянын рыногунда жайылтуу.

Экскурсиянын алкагында катышуучулар Бишкек шаарына, Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээгине барып, жаратылыштын кооз жерлери, туристтик инфраструктура, мейманканалар, пансионаттар менен таанышып, активдүү жана ден соолукту чыңдоочу эс алуу сунуштары менен таанышат.

Кыргызстанда жыл бою туризмдин мүмкүнчүлүктөрүнө, анын ичинде экотуризмге, маданий-агартуу маршруттарына жана лыжа тебүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Сапардын жыйынтыгында биргелешкен туристтик программаларды иштеп чыгуу жана Кыргызстанды 2025–2026-жылдардын жайкы жана кыш мезгили үчүн россиялык туристтик компаниялардын каталогуна киргизүү пландалууда.