Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 14,7%га төмөндөдү
15 май

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 14,7%га төмөндөдү

Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-мартында 3 318,5 млн. АКШ долларын түздү.  Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Бишкекте өткөн брифингде билдирди. 

Анын айтымына караганда, көрсөткүч 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 14,7 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 6,5 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 16,1 пайызгы төмөндөдү. 

2025-жылдын январь-мартында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 1 122,1 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,8 пайызга көбөйдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (68,6 пайыз) жана Казакстанга (29,2 пайыз) туура келди.