Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 2,2 пайызды түздү
15 май

Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 2,2 пайызды түздү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жалпы республика боюнча өсүшү 2,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Бишкекте өткөн брифингде билдирди. 

Анын айтымына караганда, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына - 2,3 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 1,1 пайызга жогорулады, ал эми азык-түлүк эмес азыктарга баалар тескерисинче - 0,3 пайызга төмөндөдү.

Керималиева ушул жылдын январь-апрелинде (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жогорулашы байкалгандыгын кошумчалады. 

Мында баалардын максималдуу өсүшү (3,7 пайызга) Ош  облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (5,8 пайызга) кымбатташы менен шартталды. Баанын максималдуу өсүшү алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына (6,9 пайызга) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (0,8 пайызга) Ысык-Көл облусунда жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (2,8 пайызга) Нарын облусунда катталган.