Баткенде желим идиштер чыгарыла баштады
15 май

Баткенде желим идиштер чыгарыла баштады

Баткен районунун Ак-Татыр айылынын өнөр жай аймагында жаңыдан курулган желим идиштерди кайра иштетүүчү жана желим идиш чыгаруучу заводу тесттик режимде алгачкы продукциясын чыгарды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ишкананын курулушу менен желим идиштерге болгон суроо талап күчөгөн.

«Учурда Баткен облусунан эле эмес, Ош, Жалал-Абад, Казакстандан да буюртмалар болууда. Алдыда желимден эле эмес, кагаздан да идиштерди чыгаруу пландалган. Желим жана кагаз идиштери тамак аш азыктары үчүн жогорку сапаттагы таза сырьелордон жасалат», – деп айтылат маалыматта.

Заводдун курулушуна жеке ишкер азырынча 800 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салган. Ишкана толук ишке кирсе 100 адам жумуш оруну менен камыз болот.

Курулуш үчүн айыл өкмөтү 5 гектар жер аянтын бөлүп берип, электр энергиясын жеткирип берген.

Ишкана өлкөнүн эгемендүүлүк майрамын утурлап, ачылуусу күтүлүүдө.