Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү жыл башынан тарта 442 млрд сомду түздү
15 май

Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү жыл башынан тарта 442 млрд сомду түздү

Кыргызстанда ички дүң продукт 2025-жылдын январь-апрелинде алдын ала баалоо боюнча, 442,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Бишкекте өткөн брифингде билдирди. 

Анын айтымына караганда, көрсөткүч 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024- Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу өсүшү тазаланган мунайзат продуктуларынын (1,5 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (1,6 эсеге), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (47,6 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (43,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (41,3 пайызга), химиялык продукциялардын (12,1 пайызга), негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн (1,0 пайызга) ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (1,4 пайызга) көбөйүшү  менен камсыздалды.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 53,3 пайызды, дүң жана чекене соода – 8,8 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 2,8 пайызды түздү.