МСКга жыл башынан бери жарандардан салыкчыларга карата 8 кайрылуу келип түшкөн
10 апрель

МСКга жыл башынан бери жарандардан салыкчыларга карата 8 кайрылуу келип түшкөн

Мамлекеттик салык кызматына 2025-жылдын Ι кварталында жарандардан жана салык төлөөчүлөрдөн Салык кызматынын кызматкерлерине карата 8 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинде жазуу жүзүндө 7, электрондук түрдө 1 кайрылуу болгон. 2025-жылдын 1-апрелине карата 6 кайрылуу каралды, ал эми 2 кайрылуу каралып жатат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 4 арыз боюнча фактылар тастыкталган жок, 1 кайрылуу юридикалык корутунду берүү үчүн КРнын УКМКга өткөрүлүп берилди, 1 арыз боюнча факты тастыкталды. Бул кароонун жыйынтыгы боюнча аймактык салык органынын 1 кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн эскертүү жарыяланды.

Мындан сырткары, ушул жылдын Ιкварталында Башкы прокуратуранын сунуштарынын жана Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматтык каттарынын негизинде 6 кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Алардын ичинен 2 факты тастыкталды, 1 факты тастыкталган жокжана 4 факты кароо этабында турат. Натыйжада кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн аймактык салык органдарынын 2 кызматкерине тартиптик жоопкерчилик чаралары колдонулду, анын ичинде Салык кызматынын 1 кызматкери кызматынан төмөндөтүлүп, 1 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланды.

Белгилей кетсек, келип түшкөн кайрылуулардын арасында Салык кызматынын органдарынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөрү тууралуу маалыматтардыкамтыган даттануулар жана арыздар жок.

Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында жана ыкчам кароо максатында (0312) 61-31-89 түз байланыш, 0779613189 ишеним телефондору, 0502433733 (Whatsapp), salyk@salyk.kg электрондук дареги, ошондой эле коомдук кабылдама иштейт.

Жарандар Салык кызматына жазуу, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы келип түшкөн ар кандай даттанууларды жана/же кайрылууларды көзөмөлдөп турат, КРнын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн кызматтык териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууларды жүргүзөт.