Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлерди тоок этин өндүрүүгө басым жасоону сунуштайт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлерди, ишкерлерди тоок этин өндүрүүгө басым жасоону сунуштайт.
Ведомствонун маалыматына караганда, айыл чарбасын, кайра иштетүү өнөр жайын жаңы деңгээлге чыгаруу аркылуу азык-түлүк коопсузудугун камсыз кылуу жана тамак-аш азыктарынын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу багытында мамлекет тарабынан дыйкан-фермерлерге бардык шарттарды түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
"Мына эки жылдан бери Кыргызстан жумуртка менен дээрлик өзүн-өзү камсыздай алган деңгээлге көтөрүлдү. Ал түгүл экспортко чыгара баштады. Бул ийгилик – ата мекендик өндүрүштү колдоо жана кеңейтүү аркылуу өлкөдө канаттуулар чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлгөн активдүү иштердин үзүрү десек жарашат", - деп айтылат маалыматта.
Эми алдыда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2025-жылдан баштап ата мкендик тоок чарбачылыгын баштоону пландаган ишкерлерге жумуртка өндүрүүгө эмес, эт багытындагы тоокторду көбөйтүүгө басым жасоону сунуштайт. Анткени Кыргызстан ички рынокту жумуртка менен толук камсыз кыла алды. Мындан улам, жумуртка өндүрүү төмөнүрөөк киреше бериши мүмкүн болгон ыктымалдуулук бар.
Ал эми өлкө ичинде жана сырткы рынокто сапаттуу тоок этине болгон талаптын өсүшүн эске алганда, эт багытындагы тоок багуу, ишкерлик жасоодо өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ. Себеби, тоок эти рынокто тиешелүү каржылык тобокелдиктерден качууга жардам берет жана бизнести кеңейтүүгө, кирешени көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле, импорттон арылууга өбөлгө болот. Буга байланыштуу ушул тармактагы келечектүү багытты тандаган ишкерлерге министрлик ар тараптуу консультациялык жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө даяр.
