Астанада Борбор Азия-Кытай Ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өттү
Кеңештин ишине вице-президент Нурлан Нартаев баштаган КР Соода-өнөр жай палатасынын делегациясы катышты.
Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн чогултуп, аймактык экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, соода байланыштарын кеңейтүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай, логистика жана технология тармагында биргелешкен демилгелерди илгерилетүү маселелерин талкуулашты.
Иш сапардын алкагында КР СӨП вице-президенти Кытай – Борбордук Азия өнөр жай жана инвестициялык кызматташтык форумуна да катышты. Форумдун алкагында потенциалдуу инвесторлор жана бизнес өнөктөштөр менен жолугушуулар болуп, анда биргелешкен ишканаларды түзүү жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү сыяктуу өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү формалары талкууланды.
Кыргыз тарап аймактык долбоорлорго жигердүү катышууга даяр экендигин тастыктады жана региондун өлкөлөрүнүн жана Кытайдын бизнес коомчулугунун ортосундагы практикалык диалогдун куралы катары Ишкер кеңештин платформасынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
