Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсынын түзүмү кандай өзгөрдү
2025-жылдын башынан бери Кыргызстандын экономикасы туруктуу оң динамикага ээ болду.
Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала маалыматы боюнча, январь-апрель айларында ички дүң продукт (ИДП) 442,4 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7%га көп болду.
Орточо айлык экономикалык өсүш 11,5% деп бааланат.
ИДПнын түзүмү:
- 52,0% – кызмат көрсөтүүлөр;
- 30,8% – товардык өндүрүш;
- 17,2% – продукцияга салыктар.
Айыл чарбасында да өсүш катталган: айыл, токой жана балык чарбасынын дүң продукциясы 2024-жылдын төрт айына салыштырмалуу мал чарба продукциясын өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен 2,8%га өскөн.
